
* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы манасчы, жомокчу, акын, этнограф, педагог
Ыбырайым Абдрахманов Ат-Башы районундагы Пограничник айылында ардактуу эс алууда жүрүп дүйнөдөн кайткан.
Ыбырайым Абдрахманов 1888-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз тарабындагы Чырак айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал “Манасты” жыйноочу, анын айрым эпизоддорун басмага даярдаган түзүүчү-редактор, үчилтиктин негизги варианттарын кара сөзгө айландырып жазып чыккан тажрыйбалуу фольклорист катары эле эмес, эпостун мыкты айтуучу-жаратуучуларынын бири да болгон. Анын өзүнүн жогорку деңгээлдеги варианты бар. Анын айтуусундагы “Манас” бөлүгү - 26 456, “Семетей” - 23 584, "Сейтек" 7839 сап ырдан турат. Бардыгы биригип 57 878 сап. "Семетей" жана “Сейтек” бөлүктөрүн 1947-1948-жылдарда, ал эми “Манас” бөлүгүн 1951-1952-жылдарда өзү жазып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондуна тапшырган.

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидери
Эдил Байсалов белгисиз киши тарабынан кол салууга дуушар болгон. Ал кеңсесинен чыгып келатканда белгисиз бирөөлөр артынан катуу зат менен чаап, андан оор жаракат алган.

* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы Испаниянын атагы дүйнөгө тараган опера ырчысы
Монсеррат Кабалье Барселонада туулган. Ал Барселонадагы Лисео театрынын алдындагы консерваторияда окуп, 1954-жылы бүтүргөн. Ал эми 1956-жылы Базель операсына тапшырган. 1956-1965-жылдары Монсеррат Кабалье Европанын Бремен, Милан, Вена, Барселона, Лиссабон шаарларындагы опера театрларында ырдаган. Ырчыга эл аралык атак 1965-жылы Гаэтано Доницеттинин Лукреция Борджианын партиясын аткарганда келген. Бул аткаруусунан соң залдагы эл туруп алып 20 мүнөттөй кол чаап турган. Ошентип, Монсеррат Кабалье дүйнөгө белгилүү, күчтүү опера ырчыларынын сап башынан орун алган.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Чилинин Вальпараисо шаарында катталган өрттөн 16 киши каза таап, 500дөй турак жай толугу менен күйүп кеткен. Өрт бир нече сааттын ичинде бир канча кварталды жалмаган. Бул аралыкта 10 миңдей тургун башка жерлерге көчүрүлгөн. Каза тапкандардын көпчүлүгү тез арада өз үйүн таштап чыгып кете албаган кары-картаңдар болгон. Дарыгерлерге 500дөн ашык адам ар кандай жаракаттар менен кайрылган. Өрттү өчүрүүгө 20 учак, тик учак жана 3500 полиция, аскер, өрт өчүрүү кызматкерлери тартылган. Бул өрт кырсыгы жогорку чыңалуудагы электр линиясынын тийишүүсүнөн чыккан жана ага канаттуулар себепкер болгон.