Жылнаама, 13-апрель: Мындан 93 жыл мурун кыргыз элинин кыраан уулу Чолпонбай Түлөбердиев туулган

* Мындан 93 жыл мурун, 1922-жылы кыргыз элинин кыраан уулу Чолпонбай Түлөбердиев Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кеткен. Чолпонбай Түлөбердиев гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген.
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы ырчы Кундуз Канатбек кызы Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамын Спорт Ордосунда чоң концерттердин биринде таштаган. Кийинчерээк топто ырдоо кыйынчылык туудуруп, өзүнчө ырдап чыгууну чечкен. Башында сахнага чыкканга Айя Садырова жардам берип, кийин Мурат Жолукеев менен иштешкен. 2013-жылы продюсерлүү болуп, курбусу, "Версус" бий тобунун жетекчиси Айпери Обозова менен иштеше баштаган. Кундузга өзгөчө атактуулукту 2008-жылы ырчы Сема менен биргеликте аткарган "90-60-90" аттуу ыр алып келген.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы “Ата Мекен” фракциясынын отурумунда депутаттар Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдрахмановду фракциядан чыгаруу маселеси каралып, алардын партиянын позициясын колдобогону жана негизги маселелерде принципке таянып каршы чыгып жаткандары үчүн “Ата Мекен” фракциясынан чыгаруу чечими кабыл алынган. Мындай чечимге фракциянын 11 депутаты макулдугун берген.
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы советтик жана орусиялык шахматчы Гарри Каспаров Азербайжан ССРинин Баку шаарында төрөлгөн. Атасы Ким Моисеевич Вайнштейн баласынын шахмат оюнуна кызыккандыгынан улам аны менен күндүр-түндүр шахмат ойногондон тажачу эмес. 1976-жылы Гарри Вайнштейн 13 жашында СССРдин өспүрүмдөр арасында чемпиону аталган. 1978-жылы Гарри Каспаров Минск шаарында өткөн Сокольскийдин турнирин утуп, ага "СССРдин шахмат боюнча спорт чебери" деген наамды ыйгарышат. 1980-жылы Дортмунд шаарындагы өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышып, чемпион аталган. Бул анын ийгилигинин башаты гана болчу. 1981-жылы 18 жаштагы Гарри СССРдин шахмат боюнча турнирин жеңип алып, СССРдин тарыхындагы эң жаш чемпион аталган. 
13-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан