Борбордо 3 жаштагы баланын өлүмүнө апасы жана аны менен бирге жашаган адам шектелүүдө

Бишкекте 3 жаштагы баланын өлүмүнө апасы жана аны менен бирге жашаган адам шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-апрелден 8-апрелге караган түнү 7-кичи райондо болгон. Анда 1986-жылы туулган шаар тургуну “балам селкинчектен кулап кетип, оор жаракат алды” деп "Тез жардам" чакырган. Айтылган жерге келишкен медицина кызматкерлери баланын каза болуп калганын көрүшүп, милицияга кабарлашкан.

Алдын ала иликтөөлөр боюнча, бала катуу ур-токмоктон улам көз жумган.

Учурда кылмышка шектүү катары баланын апасы жана аны менен бирге жашаган адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
tynara81
2015-04-11 10:02:43
Аны менен бирге жашаган адам эркек киши бекен же аялбы? .. Аял болсо "өгөй эне " сымал го.
Байкуш бала периште кезинде кетиптир, айбан сымал макулуктардын айынан. Баладан айлангырлар, балага зар болуп какшап калгырлар десе...
+6
Deesmond
2015-04-11 10:46:03
tynara81,
Баланын апасы кармалса
Чогуу жашаган эркек киши болушу мүмкүн?


Баланын баркын билбеген балээ болушту го
-1
warsaw.
2015-04-11 10:49:06
кудайым ушундайларга бала бергенден көрө балага зар адамдарга берсе жакшы болмок
+5
abdyldaeva
2015-04-11 11:52:29
Ушундай окуялар токтобой эле койдуго
-1
Altysh_Boldush
2015-04-11 11:54:57
Тооба кылдым. Кандай Ата- эне оз баласын озу олтурот ээ. Ушундайлардын айынан. Коп жаш уйбуло балалуу болбой журушот.
-1
lale82
2015-04-11 13:00:51
уй булонун баалуулугу жоголду. уй було болгондон кийин ата- эне биргеликте балардын жоопкерчилигин алыш керек.мээрим бериш керек.ата сорой каякта журот.кобунчо же атасы же энеси жок болгондо балдар кордук коруп жатат.уйлонгондо кимди алып жатам же кимге турмушка чыгып жатам деп ойлонгулачы.жашай албай турган болсонор бала жокто ажырашкыла. кыйшаландап баланы тууп алып,бакпагандан кийин. атасына да энесине да катуу жаза бериш керек.камап коюу буларга аздык кылат..
+4
jamilya03
2015-04-11 16:02:15
балалуу уй базар баласыз уй мазар дегендей балдарыбызды жакшылап коруйлу айрыкча бул аяал сыяактуу жанына ботон жан жолдош куткондор балдарынардын баркына жеткиле бул экоонун оз жазасын алууларын тилеймин
+2
Sadyrov_n93
2015-04-11 21:01:38
Не эле ушундай кабарлар кобойуп кетти.Баланы багып,тарбиялай албагандан кийин не жарыка алып келесинер.Озунорду да,баланы да кыйнап.
-1
Parish
2015-04-11 23:15:19
Кыргызстаныбызда
жаш балдарды кордоо
зорлук зомбулук ото
кобойуп баратат.
Урматтуу биз ишенген
депутаттарыбыз,
Айрыкча назик ,алсыз
эч нерсени ойлобогон
наристелерибизди
кордогон жарандарга
эн оор чара мыйзамын
колдонсо жакшы болот
эле.


+1
Nazulya
2015-04-11 23:37:46
Баланы олтургондор оз жазасын алышсын! Ушундай эшектерди келемиштердин уюгуна таштап жедиртип олтурсо!
+1
begai93
2015-04-12 04:17:53
Ээ кудайым ээй озун жаза бер ушундай макулуктарга!
+1
korsaromega
2015-04-12 14:32:44
Жазасын алсын акмак!
0
femidakg
2015-04-13 13:12:03
Бирөөгө зар, бирөөгө кар деген ушу да! Акмактар баладан айлангыр.
0
chalkan
2015-04-13 13:17:23
Үйлөнөт деген ушул деп эле өйлөнүшөтда эртеси ажырашып көрүнгөн менен жашашат, ортодо балдар азап чегишет, наристе байкушта эмне күнөө.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан