Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде куткаруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 10-апрелден 11-апрелге караган түнү Дэн Сяопин көчөсүндө болгон. Анда Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу ошол жерден каза тапкан.