Кыргыз-кытай ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев "2015-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 11-апрелде президенттик аппараттан билдиришти. 

Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 1-апрелинде кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан ушул макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирүүгө милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан