Кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик жол менен косметикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик жол менен косметикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-апрелде Кадамжай районунда чек арачылар кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кыргыз жаранын кармашкан. Ал Daewoo Damas унаасы менен кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга косметикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган. 15 кутуга салынган бул каражат 150 000 сомго бааланууда. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран Баткен облустук улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан