Жоомарт Оторбаев менен Германия Бундестагынын вице-президенти өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты

Бүгүн, 11-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев Германия Бундестагынын вице-президенти Йоханнес Зингхаммер менен жолугушту. Өкмөт башчы Германия тарапка өлкөдөгү экономикалык реформаларды, демократиялык өзгөрүүлөрдү алга жылдыруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, президент Алмазбек Атамбаевдин жакында Германияга болгон иш сапарында өлкө башчынын Германиянын жогорку жетекчилиги менен жолугушуусу эки мамлекеттин активдүү кызматташуусунун далили боло аларын белгиледи. "Эки тараптуу кызматташуу деңгээли чоң мүмкүндүктөргө ээ. Биз колдо болгон келишимдерди ишке ашыруубуз жана жаңы биргелешкен долбоорлордун үстүндө ой жүгүртүүбүз керек",- деди Оторбаев.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, кыргыз мамлекетине инвестиция тартуу тууралуу пикир алышканын өкмөттөн билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан