Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Ооганстандагы элчиси
Авазбек Абдразаков өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатат.
Анын айтымында, Ооганстандагы аскердик-саясий абал жалпы Орто Азияга таасир этет. "Кыргыз мамлекетинин бул өлкөдөгү элчилиги 2013-жылы ачылган. Ал кезде эч кандай ыңгайлуу шарттар жок болчу",- деди элчи.
Башкы сөзүн айткан соң комитет калган маалыматты жабык эшик артында кароо боюнча чечимге келди.