Бүгүн, 13-апрелде Бишкектеги №4-искусство мектебинде “Жаш таланттар-2015” сынагы өтүп жатат. Анда борборубуздун 9 музыкалык мектебинен келген 103 катышуучу музыкалык аспаптарда ойноп, өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Мэриянын Туризм жана маданият башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишевдин айтымында, сынак ар жылы ар кайсы аспаптарда ойногондор арасында өткөрүлүп келет.
“Эң негизги максат - жаш таланттарга көмөк жана демөөрчүлүк көрсөтүү, ошол окуучуларды даярдаган мугалимдерге баа берип, материалдык жана моралдык жактан да жардам берүү. Быйыл сынак жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 3 категория боюнча өтүүдө. Биринчи топто 1-2-класстардын окуучулары, экинчи топто 3-4-класстардын окуучулары, үчүнчү топто 5-7-класстардын окуучулары бар. Алар кыяк, комуз жана үйлөмө аспаптарда өз өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Ал эми калыстык милдетти К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ага окутуучулары жана декандары аркалашууда”,- деди Ракишев.
Айта кетсек, “Жаш таланттар-2015” сынагынын жыйынтыктары 23-24-апрелде чыгарылат. Алдынкы орундарды багындырган катышуучуларга дипломдор, грамоталар ыйгарылып, белектер берилет.