Хакасиядагы ири өрт кырсыгынан кыргыз мамлекетинин 37 жараны үйсүз калды

Хакасиядагы өрт кырсыгынан кыргыз мамлекетинин жарандарынын 9 үйү күйүп кетти. ТИМдин маалыматына таянсак, кырсыктын кесепетинен кыргыз өлкөсүнүн 37 жараны баш калкасыз калды (мунун 12си жаш балдар). Өлкөнүн Екатеринбургдагы Башкы консулдугунун билдиришинче, каза болгондордун жана ооруканага түшкөндөрдүн арасында мекендештерибиз жок. 
"Башкы консул Төлөнбай Кожобаевдин тапшырмасы боюнча вице-консул Калдарали Маматалиев Новосибирсктен окуя болгон жерге кетти. Учурда Хакасиядагы кыргыз диаспорасы жабыркагандарга жардам берүүдө. Аларга гуманитардык жардам жөнөтүүнү уюштуруу иштери башталды",- деп билдирет министрлик.
Кырсыктан жабыркаган мекендештер вице-консул Калдарали Маматалиев менен байланышса болот, телефону: +7(961) 2615555. 
Айта кетсек, өрт 30 калктуу конушту каптаганы, 1200дөй үй күйүп, 2000дей адам турак жайсыз калганы, 15 адам каза болгону орусиялык маалымат булактарынан кабарланды. Өрттүн тутанышына куураган чөптүн күйүп кетиши себеп болгон деп болжолдонууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chyngyz1992
2015-04-13 15:40:30
Аллахым озу сактасын кырсык жамандыктан алыс кыла кор
0
Qnet
2015-04-13 16:05:17
Жаман болуптур байкуштар,тийиштуу мекемелер батыраак жардам беришсе экен.
0
abakan_19
2015-04-13 16:24:58
кыргыздар анча коп жабыркаган жок
-1
Baky006
2015-04-13 16:33:46
аябай жаман болду, Атамдар ошо жакта турушат.Биздин деревьняга жеткирбей очуруп салышыптыр..уйу орттонуп кеткендерди временный жайга кочуруптур а Кыргыз туугандарыбыз Саяногорскийден квартира снимайтетип жашап атышат
0
warsaw.
2015-04-13 17:17:59
кечээ уктум биздикилер да ошол жакта тынч болушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан