Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында 1 адам өрттөн каза тапты
Кечээ, 12-апрель күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында турак үй толугу менен күйүп кетти. Маалым болгондой, өрт болгон үйдөн 1972-жылы туулган К.В. аттуу үй ээсинин күйгөн сөөгү табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 13-апрелде кырсыктын себеби такталып жатканын билдирди.