Адам өлтүрүүгө шектелип, Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн түркиялык жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган Түркия Республикасынын жараны Ариф Йешилкая 2014-жылдын 18-июнь күнү Стамбул шаарында өзбекстандык Р.Саодат аттуу 1992-жылы туулган кызды өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кылмышка шектүү быйылкы жылдын январь айынан тарта Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн. Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлеринин аткарган жумушунун жыйынтыгында Түркиянын жараны кармалып, ал азыр соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.