Жылнаама, 14-апрель: Мындан 6 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди атып кетишкен

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы “Ак жол” фракциясынан Жогорку Кеңештин жаш депутаты Санжар Кадыралиевди кечки саат бештерде Бишкектеги үйүнүн жанынан атып кетишкен. Кылмышкер депутатты бир ок менен башка атып, максатына жеткен. Шектүү деп саналган А.Итибаев 20-апрелде кармалып, күнөөсүн моюнуна алган.
 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен КРнын Башкы прокурору болуп дайындалган. 
Аида Салянова 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында төрөлгөн. Жогорку юридикалык билими бар, 1991-жылы Фрунзе соода техникумун, 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Юридикалык илимдердин кандидаты, доцент, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Эмгек жолун 1992-жылы Бишкек коммерциялык колледжинде окутуучулуктан баштаган. 1996-жылы Чүй университетинде сабак берип, 1997-жылы Жогорку Кеңеште эксперт катары иштеген. Андан кийин ЖКда бөлүм башчы, Юстиция министрлигинде статс-катчы, 2010-жылы юстиция министри болуп эмгектенген. 2010-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп, 2011-жылы 31-мартта КРнын Башкы прокурору Кубатбек Байболов кызматынан бошотулуп, ордуна башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Аида Салянова дайындалган. Ал эми 2011-жылдын 14-апрелинен тартып КРнын Башкы прокурору кызматында иштеп келген. 2015-жылдын 19-январында анын кызматтан кетүүгө арыз жазганы расмий жарыяланып, 21-январда Жогорку Кеңеш аны кызматтан бошотууга макулдук берген. Ал эми 2015-жылдын 22-январында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Аида Салянова ээлеген кызматынан бошотулган.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы АКШнын түштүк-чыгышында башталган катуу шамалдын жана торнадонун кесепетинен 45 киши курман болуп, дагы ондогон адамдын дайыны чыкпай калган. Оклахома, Миссисипи, Арканзас, Алабама жана Түштүк Каролина штаттарына олуттуу зыяндарды алып келген. Табият кырсыгы болуп өткөн аймактарда миңдеген үйлөр чатырсыз калып, бак-дарактар жыгылып, автоунаалар жабыркаган жана 250 миңдей тургун электр жарыгысыз калган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы "Боко Харам" тобунун мүчөлөрү Нигериянын түндүгүндөгү Борно провинциясындагы Чибок кыштагында 12-15 жаштагы 276 кызды эки жүк ташуучу машинага жүктөп уурдап кетишкен.
14-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан