Сузакта 62 жаштагы аялды балка менен башка чаап өлтүрүп, көмүп салган жаран кармалды

Сузакта 62 жаштагы аялды балка менен башка чаап өлтүрүп, көмүп салган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-апрель күнү укук коргоо органдарына Базар-Коргон районунун 1972-жылы туулган тургуну кайрылган. Анда ал 1953-жылы туулган С.И. аттуу апасы 10-апрель күнү жумушка кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 11-апрель күнү кечинде кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган Б.А. кармалган. Ал сурак учурунда өз күнөөсүн моюнуна алып, 62 жаштагы аялды балка менен башка чаап өлтүрүп, андан соң жашы жете элек баласы экөө талаага көмүп салышканын билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
kazemir
2015-04-13 20:39:51
Ой тообоо Алладан коркпогондор...
0
nazira1989
2015-04-13 20:58:41
Супер инфонун жамааты ушул кылмыш кылгандардын аты жонун эмнеге жашырасынар,ачык эле жаза берсенерчи?Аллахтан коркпогон мыкаачылар,жашы жете элек баласынын да колун канга боёп,кан кое бербейт...Аллахым коруп турат го...
+2
admin_portal
2015-04-14 10:16:45
nazira1989, саламатсызбы!
Кээ бир маалыматтар иликтөө иштерине тоскоол болбошу үчүн жазылбайт. Түшүнүү менен кабыл аласыз деген ойдобуз.
0
Sadyrov_n93
2015-04-13 21:08:00
Тооба адамдар мынча мыкаачы болуп баратабыз.
0
munar_85
2015-04-13 21:15:57
мыкаачы ХХХ ХХХ ХХХ...
-3
admin_portal
2015-04-14 10:17:49
munar_85 - 10 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
gulmi
2015-04-13 21:40:10
Супер инфо,мындай маалыматтардын бизге эмне кереги бар?Канчан болбосун "олтурду,урду,зордуктаты"дегенди окуйбуз,ансызда элибиз ушак айындан башы чыкпайт,бири-бирибиздин жамандыгыбызды айткандан колубуз бошобойт.Жок дегенде силер жакшылык жонундо жазгылачы.
+3
akyn-jurogu
2015-04-14 00:13:25
gulmi, чындыкты болгонун болгондой жазыш керек! Смело жаза бергиле)
+1
Deesmond
2015-04-14 00:25:20
gulmi, жакшылык болбосо эмнени жазат,
Өлүп жатса өлдү деп жазат да
-2
admin_portal
2015-04-14 10:19:16
gulmi - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо, сунуш, нааразычылыктар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
munar_85
2015-04-14 00:25:11
gulmi:Ойноп ХХХ ХХХ ХХХ...
-1
gulmi
2015-04-14 02:08:57
munar_85, ХХХ ХХХ ХХХ... Апанын каза болгону жаман,Жараткан бейиштен жай берсин,бирок кобуроок жакшы кабарды жашообузга толтуралычы!
-3
admin_portal
2015-04-14 10:21:28
munar_85, gulmi - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
hairullo
2015-04-14 00:49:59
Не дешти да билбей калдым. Товба кылдым. Бул жамандыктарды жазышса, кийинки муун кайсыл багытта кетет экен. Жамандыкты жазганда жакшылыкка ундогончо койгулачы, сураныч.
-2
bom.bon
2015-04-14 02:59:52
Адамга озу эч нерсе жакпайт!жакшылыкда жамандыкда!
Жайы жанаттан болсун.
+1
baba.
2015-04-14 11:14:17
Эмне себептен олтургон....Мумкун буга чейин араларынан жаман соз откондур.жондон жон эле адамды олтурбосо керек.Такташ керек........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан