Ош-Гүлчө унаа жолунда бензин ташуучу автоунаа күйүп кетип, анын ичинен белгисиз эки адамдын күйгөн денеси табылды
Ош-Гүлчө унаа жолунун 70-чакырымында В
70-97 АВ мамлекеттик номерлүү ХОВО үлгүсүндөгү 40 тонналык бензин ташуучу автоунаа кырсыкка кабылып, күйүп кетти. Бензин
жерге төгүлгөн. Автоунаанын ичинен белгисиз эки адамдын күйүп калган денеси табылган. Окуя 14-апрелде түнкү саат 02:51де катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Учурда каза болгон адамдардын аты-жөнү такталууда.
Автор: Жамалидин ПарманкуловФото: ӨКМнын басма сөз кызматы