Бишкек-Ош унаа жолунун 635-чакырымында эки унаа кагышып, 3 адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 14-апрелде билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек-Ош унаа жолунун 635-чакырымында Гольф үлгүсүндөгү автоунаа менен Нексия үлгүсүндөгү автоунаа сүзүшкөн. Натыйжада Нексия автоунаасында 3 адам жеңил жаракат алган. Куткаруучулар тарабынан "Тез жардам" келгиче жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам берилген.
Гольфтун ээси, 1980-жылы туулган К.Тойчиев кырсык болгон жерден качып кеткен.