Каржы министри Ольга Лаврова министрликтин жамааты менен коштошту

Каржы министрлигинин чоң залында мурунку мекеме жетекчиси Ольга Лаврованы узатууга байланыштуу салтанаттуу жыйын болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев жана мекеменин кызматкерлери катышты.

Нарымбаев КРнын Президентинин жарлыгын окуп берип, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ольга Лаврованын отставкасын кабыл алгандыгын кабарлады. Президенттин аппарат жетекчиси Лавровага бийик кесипкөйлүгү, ак ниеттүүлүгү үчүн президенттин атынан ыраазычылык билдирип, кол саат белек кылды.  

Өз кезегинде Ольга Лаврова керектүү учурда ага ишеним көрсөтүшкөндүгү жана өлкөгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн беришкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине, өкмөткө, Жогорку Кеңешке рахмат айтты. Ошондой эле анын алдына коюлган милдеттерди аткарууда өз убагында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып үзүрлүү иштешкендиги жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн министрликтин жамаатына ыраазы экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан