Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
12-апрель күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Ат-Башы каналынын батыш тарабында токтоп турган Хонда Степ-Вагон унаасынын ичинен 42 жаштагы Ж.И. аттуу жарандын жансыз денеси табылганы айтылган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 25 жаштагы М.С. кармалган. Ал сурак учурунда өз кылганын моюнуна алып, окуя болгон күнү 42 жаштагы Ж.И. менен чырдаша кетип, аны бир канча жолу бычак менен сайганын билдирген. Анда соң из жашырып кеткен. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.