Токмок шаарында бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине 34 жаштагы А.Ф. кайрылган. Анда ал 13-апрель күнү мас абалындагы белгисиз адам дүкөнгө кирип, товарлар коюлуучу текчени сындырып, сатуучунун денесине оор залал келтиргенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 55 жаштагы Ж.Ж. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.