Депутаттар "кылмышка шектүү" деп кармалган адамга өз тууганына телефон чалууга макулдук берүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 14-апрелдеги жыйынында "кылмышка шектүү" деп кармалган адамга өз тууганына телефон чалууга укук берүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралып жатат. Демилгечи депутат Майрамбек Расуловдун айтымында, ушул долбоорду иштеп чыгуунун зарылчылыгы жана максатка ылайыктуулугу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде кармалган адамдын жакын туугандарына бир телефон чалуу укугу жоктугунан улам жаралууда.

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине кармалган адам иш жүзүндө кармалган учурдан тартып үч сааттын ичинде узактыгы 5 мүнөттөн ашык эмес бир акысыз көзөмөлдөнүүчү телефондук сүйлөшүүгө макулдук берүү тууралуу толуктоо киргизилет",- деди Расулов.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан