Канжар Кадыралиев 10-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечиминин негизинде үй камагына чыгарылганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бүгүн, 14-апрелде
SUPER.KG порталына ырастады. Маалым болгондой, ошол эле күнү мамлекеттик айыптоочу шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко сунуш келтирген.
Айта кетсек, кечээ, 13-апрелде укук коргоо органдарындагы өздүк булак Канжар Кадыралиев үй камагына чыгарылганын билдирген болчу.
28-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Канжар Кадыралиевди 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштечү.