Быйыл өлкө боюнча 57 өзгөчө кырдаал катталып, 9 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде маалымат жыйынында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, 2015-жылы кар былтыркыга салыштырмалуу 3,5 эсе көп жааганына байланыштуу өлкөдө сел көп жүрдү.
“Жалпы чыгым 1 миллион 647 400 сомду түздү. Ош шаарында 1 саат 20 мүнөт жааган нөшөрлүү жаан суу ташкындарын пайда кылды, бул кырдаал менен министрлик бир суткага чукул күрөшүп, маселе толугу менен чечилди. Муну менен катар Талас шаарында секундасына 20-30 метр ылдамдыкта жүргөн катуу шамал 8 мектептин жана 2 бала бакчанын чатырларын учуруп кетти. Жалпы 10 миң даана шифер учуп кеткен, учурда 3 миң шифер жеткирилип берилди”,- деди министр.