Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн "Коопсуз шаар" долбоорунун аткарылышы тууралуу маалыматы угулууда.
Талкууда депутат Дастан Бекешев аталган долбоор боюнча 2 жолу тендер өткөрүлсө да, эч кандай натыйжа болбой жатканын айтты. "Бийликтин күчү элдин ишениминде. Эгер ишенүү жок болсо, элди эч кандай күч токтото албайт. "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашышы менен жакшы өзгөрүүлөр болоруна эл ишенген. 2012-жылдан бери ишке ашпай жатат. Демек, элдин бийликке болгон үмүтү үзүлдү десек болот. Ооба, тендерлерди өткөрүүгө акча кетти, ал акчаларды кайра кайтарса болот. Бирок элдин үмүтүн жана ишенимин кайтаруу кыйын",- деди Бекешев.