Аламүдүн районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине 26 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал 2-апрель күнү белгисиз адам үйүнө кирип, акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Н.А. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.