Бишкекте 50 миң сом пара алып жаткан жеринен салык инспектору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал чакан ишканасын жоюу үчүн салык инспектору 50 миң сом сурап жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.