Аламүдүн райондук өрткө каршы кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Аламүдүн райондук өрткө каршы кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылган. Анда ал Аламүдүн райондук өрткө каршы кызматынын кызматкери курулуш иштерине уруксат берүү үчүн 500 доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер 300 доллар жана 6 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан