Өзгөндө милиция кызматкери 42 жаштагы аялды тапанча менен тамакка жана өзүн башка аткан

Өзгөн районунда милиция кызматкери 42 жаштагы аялды тапанча менен тамакка жана өзүн башка аткан. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, күзөт кызматында иштеген 1993-жылы туулган жаран 12-апрель күнү саат 16:10 чамасында аталган райондун Мырзаке айылындагы үйүнүн жанында коңшу жашаган аялга ок чыгарып, андан соң өзүн башка аткан. Мындан улам алар ооруканага жеткирилген. Бирок ошол күнү кечинде жабыркаган сержант каза тапкан. Дарыгерлердин айтымында, аялдын өмүрүнө коркунуч жок. 

Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө амалдары боюнча милиция кызматкеринин мындай ишке баруусуна өз ара начар мамиле себеп болгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zman53
2015-04-14 18:50:59
Тез арада мылыйсаларды психикалык тестен откоруш керек го.
0
zhykyo
2015-04-14 21:11:28
Баары эле нервный болуп калды
0
Maxa90
2015-04-14 21:23:10
Кече ушул окуяны силердин элдик кабарларга жазган элем. Вотсапп аркылуу. Чыгарбай койдунар го.
+2
admin_portal
2015-04-15 10:10:22
Maxa90, саламатсызбы!
Балким сиздин кабар толук, так эмес болгондур.
0
origami
2015-04-15 00:10:16
Аяш иним болчу,жакшы бала эле.Жакындарына сабыр берсин жараткан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан