Ош шаарында селдин кесепетинен келтирилген чыгым 1,8 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан Ош шаарынан кырсыктан зыянга учураган 35 жеке турак жай, 14 көп кабаттуу үй, 4 мамлекеттик жана муниципалдык объект жана 15 ички чарбалык жол текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы материалдык чыгым болжол менен 1 830 442 сомду түздү.
Анын ичинен:
- Ош шаарынын №1-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда – 1 382 821 сом;
- Ош шаардык №2-Стоматологиялык бейтапканасы – 281 721 сом;
- Ош шаарынын №3-“Сулайман-Тоо” аймактык кеңешинин Моминова көчөсүндө 165 900 сом зыян келтирилген.