Жылнаама, 15-апрель: Мындан 2 жыл мурун Ош облусунда 1 көзү, 7 кулагы бар өзгөчө улак туулган

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Ош шаарынын борбордук аянтында плакат көтөрүп турган адам өз өмүрүнө кол салып, өзүн өрттөп салган. Жабыркаган адамды ооруканага жеткиришкенде денесинин дээрлик көп бөлүгү күйүккө кабылгандыктан, кечки саат 22:30да жарык дүйнө менен кош айтышкан. Иликтөөдө маркумдун Алай районунун МТФ аймагынын жашоочусу, 1947-жылы туулган Каныбек Сейитбеков экендиги такталган. Сейитбековдун көтөрүп турган плакаты кошо күйгөндүктөн, анда эмне деп жазылганы алгач белгисиз болгон.
 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылында өзгөчө улак туулган. Анын 1 гана көзү жана 7 кулагы болуп, тиштери карышкырдын тишине окшош болгон. Аталган айылдын мал доктуру Мухиддин Жороев "бул генетикалык мутация же гендик деңгээли бузулган жаныбар" деп билдирген.
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы Гарри Поттер тууралуу тасмада Гермион Грейнжердин ролун ойногон актриса Эмма Уотсон Парижде туулган. “Гарри Поттер” тасмасынын ар бир бөлүгүнө тартылып келаткан актриса Эмма Уотсон 2007-жылы талыкпай эмгектенип, “People” журналы ага “Эң кичинекей бай актриса” деген наам берген. Жомок-тасмадан алган маянасы эң аз дегенде 4 миллион долларды түзгөн. Мындан сырткары 17 жашында актриса “Vogue” журналынын бетине чыккан эң жаш атактуу кыз деп эсептелинген. Ошондой эле Эмма 2009-жылы эң көп гонорар төлөнгөн актриса болуп "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы АКШнын Бостон шаарындагы эл аралык марафондун жүрүшүндө бир нече жардыруу болгон. "Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Жардырууга айыпталган Жохар Царнаев 22-апрелде эсине келип, сурала баштаган. Бирок ал сүйлөй албагандыгына байланыштуу жазуу аркылуу көрсөтмө берген. 
Тамерлан Царнаев 1986-жылы Чеченстанда, Жохар Царнаев 1993-жылы Кыргыз Республикасында төрөлгөн. Алар 2001-жылга чейин кыргыз жеринде жашап, андан соң Түркияга, 2003-жылдан кийин АКШга көчүп кетишкени белгилүү болгон.
15-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2015-04-14 21:15:54
Карышкыр жыргап кеткен го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан