15-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокурорунун жардамчысы Д.Д. аттуу жаран 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Окуя саат 13:14тө Бишкек шаарындагы Лермонтов көчөсү-40 дарегинде жайгашкан аталган райондук прокуратуранын имаратында болуп өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, аталган жаран пара алып кармалган соң акчасын дааратканага таштап жиберген. Буга байланыштуу аталган министрликтин куткаруу кызматы келип, акчаны таап, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берди.