Ысык-Ата районунда жергиликтүү тургунду эч себепсиз ур-токмокко алган жаран кармалды

Ысык-Ата районунда жергиликтүү тургунду эч себепсиз ур-токмокко алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине 39 жаштагы В.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 12-апрель күнү чала тааныш адам эч себепсиз ур-токмокко алганын айткан. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 37 жаштагы С.В. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан