Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 2, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Кара-Буура районунда өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 500 түп өрүк багы күйүп кетти. Кырсыктын келип чыгуусуна отко карата этиятсыз мамиле себеп болгон.