Жалал-Абад шаарында унаа уурдоого шектелген 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине Жалал-Абад шаарынын эки тургуну кайрылган. Анда алар унааларын белгисиз адам уурдап кеткенин айтышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.