Жогорку Кеңеш кыргыз жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз ишке орноштургандарга карата айып пулдун көлөмүн жогорулатууну карап жатат

Жогорку Кеңеш бүгүн, 15-апрелдеги жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө мыйзамсыз жумушка орноштургандарга карата айып пулдун көлөмүн жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун 2-окууда карап жатат.
Жыйында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлүнүн айтымында, чет өлкөгө жумушка мыйзамсыз жөнөтүү менен алектенген ак ниет эмес адамдардын кызмат көрсөтүүлөрү 1000 долларга чейин бааланат. "Ал эми жумушка кабыл алган өлкө АКШ же Европа биримдигинин өлкөсү болсо, аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы бир нече миң долларды түзөт. Ушул себептерден улам уруксат документтери жок туруп же уруксат документтердин шарттарын бузуу менен чет өлкөгө жумушка жөнөтүү боюнча ишмердик жүргүзгөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү зарыл",- деди мекеме өкүлү.
Долбоорго ылайык, айып пулдун өлчөмүн төмөнкү ченемге чейин жогорулатууну сунуштайт:

- физикалык жактар үчүн – 50дөн 100гө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;

- кызмат адамдары үчүн – 100дөн 200гө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө;

- юридикалык жактар үчүн – 500дөн 1000ге чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө.

Жыйынтыгында аталган долбоор 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан