Өлкөдө жыл сайын 500дөн ашуун ВИЧ илдетин жугузуу орун алып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде парламент жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк учурларда бул илдет жыныстык жол менен жугууда. "Чет өлкөдөн келген мигранттар өз аялдарына аталган инфекцияны жугузуп жатышат. Эгер жыл сайын 500 адам жуктурса, мунун жарымы аялдар",- деди министрликтин өкүлү.