ЭЛДИК КАБАР: Бишкектеги Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 3 күндөн бери жол тыгыны пайда болууда

Бишкектин Жал кичи районундагы Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 3 күндөн бери жол тыгыны пайда болууда. Бул тууралуу 15-апрелде окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурман аталган жолдун кесилишиндеги люктун капкагы кичинекей болуп, унаалар тебелегенде унаанын дөңгөлөгү люкка түшүп кетип, натыйжада 1 саатка чейин жол тыгыны пайда болуп жатканын айтты. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
medalon
2015-04-15 11:57:59
эээ, бизде жол жасагандар, люктарды 5см бийик же тескерисинче ылдый терең киргизип коюшат го, айдоочулар тегеренип отсун деп ))). Мунусун унутуп калып түз, жол менен бир уровеньде коюп коюшкан го...
0
Mr.enriiko
2015-04-15 12:07:36
капкагы кичинекей эмес, сынык люк! Ал люктун усту сынып калыптыр.Жол жаман. пробка бугун эле световор иштеьей калыптыр
0
arena2014
2015-04-15 13:56:07
Ушулда жанылык болдубу?
0
beka88
2015-04-15 14:36:18
мен кундо беш отом нары бериге анчалык деле эмесго?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан