Жогорку Кеңештин төрагасы мектеп окуучуларына жыныстык жактан билим берүүнү колдоорун айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мектептерге жыныстык билим берүү программасын киргизүү жана карын энеликке уруксат берүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Спикер мыйзам долбоорунун сунушталышын учурдун талабы деп эсептейт.
"Демилгени колдоого чакырам. Канчалык көкүрөк каккылабайлы, бүгүнкү күндө наркомания өсүп жатат. Аборттор көбөйүүдө. Жаш кезде сексуалдык катнашка өткөндөр көбөйүп жатат, ошондуктан бул багытта билим берүү керек. Эркек балдарга эркек адам, кыздарга аял киши бул боюнча билим берет. Ал эми карын энелик боюнча мындай: долбоордо "баары ушул жолго барсын" деген сөз жок. Ислам динин же башка динди бекем туткандар өзүнүн дини боюнча бекем жашасын, бирок кыргыз мамлекетинде башка диндин өкүлдөрү да жашайт. Биз мамлекетпиз, ал жарандарды да унутпайлы",- деди төрага. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан