Кечки саат 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин жаш балдарга сейил бактарда, сауналарда, түнкү клубдарда жалгыз жүрүүгө тыюу салынууда

Кечки саат 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин жаш балдарга сейил бактарда, сауналарда, түнкү клубдарда жалгыз жүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 15-апрелде парламент жыйынында 2-окууда каралды.
“Кыргыз Республикасындагы балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, аларды дене, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана нравалык өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” мыйзам долбоорунда балдардын коомдук жайларда болушуна тыюу салуу жана чектөөлөр аныкталган.

Демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, түнкү мезгилде 22:00дөн 06:00гө чейин
иш-чараларды балдардын катышуусу менен жүзөгө ашырган мыйзамдуу өкүлдөрдүн же адамдардын коштоосу жок балдар жүргөн коомдук жерлерге төмөнкүлөр кирет:

- көчөлөр, стадиондор, сейил бактар, скверлер;

- жалпы колдонуудагы транспорт каражаттары;

- балдар жүргүнчү болуп саналган учурлардан тышкары бекеттердин, аэропорттордун аймактары;

- алардын аймагына жакын жайгашкан суу көлмөлөрү;

- көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн жалпы колдонуудагы жерлери, көп батирлүү турак жай үйлөрүнө жакын жайгашкан аймактар, анын ичинде балдардын спорттук аянтчалары;

- мыйзам менен белгиленген тартипте алкоголдук продукцияларды, сыраны жана анын негизинде даярдалган суусундуктарды чекене сатууну ишке ашыруу каралган соода чөйрөсүндөгү жана коомдук тамактануу (уюмдар же пункттар), оюн-зоокторду, эс алуулар (анын ичинде оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, сауналар) үчүн арналган юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объектилери (аянттары, баш пааналары);

- Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакка мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо объектилери:  интернет-кафе, интернет-клубдар.

Талкуунун жыйынтыгында бул мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан