Бүгүн, 15-апрелде парламент “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун талкуулады.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк өлкөнүн жайыттарын жакшыртуу жана мал чарбасын өнүктүрүү багытында жалпысынан 15 миллион доллар каржы бөлөт. Анын ичинен 6,75 миллион доллары гранттык, 8,25 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп саналат. Аталган долбоор Чүй жана Талас облустарын камтыйт. Долбоор 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгилде ишке ашырылмакчы.
Айта кетсек, буга чейин парламенттин тармактык комитети бул долбоорду 1-2-3-окууда жактырган.