Ички иштер министрлиги: "Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулган жок"

"Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулган жок". Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматында, кылмыш иши акыры ачылары жана тергөө иштери уланып, 500гө жакын күбө суралганы айтылган.

Кечээ Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Камиланын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши шектүүнүн аныкталбагандыгына байланыштуу токтотулганын билдирген. Ал эми Ички иштер министрлиги ал маалымат туура эмес кетип калганын айтты.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kgmiko
2015-04-15 15:10:11
Мышык чычкан ойноп жатат МВД ойлонбой суйлогон онттобой олот деген макал бар! Так анан суйлосонор болмок! Кандай болсода кырчындай кыздын горундо тик тургузбай куноолуулор тааап жазасын сазайын берип. Жайын жаннаттан болсун дейличи шоу кылбай!
+5
Akmosha
2015-04-15 15:22:27
Бул кыздын олумуно себепкерлер чындап эле чондор го дейм.Болбосо эчааак эле табылмак кылмышкер,чондор жолотпрйатышат да.
+1
aziziko
2015-04-16 00:11:23
Akmosha, туура айтасын чондор да бар бул иште . Эгер карапайым бироо болсо давно таап чыгып соттоп койушмак . Кыздын сыры торкунго маалым дегендей биздин ИИМ сыры бизге маалым да
+3
RNA78
2015-04-15 15:24:39
Кантип эле туура эмес маалымат кетип калат??? Иш токтолду деп айтылгандан кийин, элдин нааразычылыгы пайда болду да, анан кайра озунордун акташ учун токтотулбады деп жатасынар. Эми чыныгы куноокорду таап жазасын бергиле да, ишти жабыш учун бейкуноо адамдар темир торго тушуп калбасын.
+5
aqua-94mema
2015-04-15 15:36:51
Болду эми олгон адамды талкуулай бербегиле . руху тынч жатсын .
-2
tasnim
2015-04-16 00:14:05
ХХХ ХХХ ХХХ, АЛЛАХ таалам жазаларын берет,
+2
admin_portal
2015-04-16 10:36:03
tasnim - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
ainuska00
2015-04-16 13:36:56
тооба токтотулду деп радиолордон деле кетип жатты го)))...ушул ишке точно чондордун тиешеси бар,аны министр озу деле айткан....эми кылмышкер качып кетти деп ..бул ишди да жабышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан