“Шин-Лайн” ишканасынын балмуздактарынан ичеги таякчалары табылды

“Шин-Лайн” ишканасынын балмуздактарынан ичеги таякчалары (бактерия түрү, ууланууну жаратат) табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Шин-Лайн” ишканасы өндүрүп чыгарган азыктар сатылган соода жайлары текшерүүгө алынган. Анда 24 түр балмуздак текшерүүгө жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 24 түр балмуздактын сегизинен ичеги таякчалары табылган”,- деп билдиришти аталган министрликтен.

Айта кетсек, 30-март күнү мамлекеттик телеканалдардын биринен жаңылык чыккан. Анда “Шин-Лайн” ишканасы чыгарган балмуздактардын мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги жана сатылбай калгандарына жаңы дата басылып кайрадан сатыкка чыгарылып жатканы айтылган. Аталган былыктар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери,"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддин негизинде ачыкка чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Bagysh
2015-04-15 21:47:25
Акча деп ээми болгон балээнин баарын кошуп салдынарго.Ай кыргыз калкым башка мамлекеттер алга карап кадам таштап жатканда.Биздин кээ бир манкурттарыбыз кыргыз деген улутубузду булгап жатышат.Бири эшек сойуп дагы бири каарыган кемпирди зордоп.Эмне анчалык адам деген ыйык наамды которо албай калганбызбы.Жаратканым озун туура жолундан адаштырбагын.
+2
Qnet
2015-04-15 23:10:02
Аллахымдын каарынан корколу кыргыз элим,жер жутуп кетпесе эле болду бизди!Акыркы кундору элим учун кобуроок дуа кыла турган болдум...
+3
Boldukan86
2015-04-15 23:21:33
Бул компаниянын ээси кыргыз эместа. Кытай же корей. Ошого эшекпи не болсо да кошуп аралаштырып жасайт а чондорго налогун эселентип берип турса болду. Дагыле карапайым эл жеп ооруп кыйналып жатат.
0
aytkulova
2015-04-15 23:36:25
Мороженое жебей эле калайын
-1
uragan007
2015-04-15 23:57:49
тооба кылдым
-1
edu.kg.
2015-04-16 00:53:36
атамбаевдин заманы деп койот бул сенцасия жараткан кундорду. Эшек эти ,педофилия,газ тартыштыгы,электр кризиси,доллар которулуусу,ош окуясы,бал муздак сенсациясы,чек ара койгойу,кыргыз жарандарынын чет жерге жакырчылыктан агылуусу,торотканадагы койгойлор, сот тармагы ,прокуратура тармагы,укук корго тармагы корупцияга белчесинен батканы,маданият уйун сахнаны тойкана кылгандар,эл адамдарын саясий куугунтуктоо,зордук зомбулук,ууру кескилер куч алганы гейпард,оспурум кыздарды зордуктоо,кумтор ж.б.с.
+9
edu.kg.
2015-04-16 01:06:32
Батукеевдин олкодон чыгарылышы,анапияевдин олтурулуусу,бакиевдерди алыпкелем деп убадага турбагандыгы ,чет олколук жарандар кыргыз жеринде оз билгенин кылып сауна тунку клубдарды ачуусу,кундон кунго сойкулардын кобойуусу,качкан бакиевдерге шылтоолоп чон чон жерлерди менчиктештирип,банктагы ячейкаларды,акчаларды сол чонтокко согуп койгондор,алдуусу ,кучтуусу алсызын баса калып байлыгын коз коруноо тартып алуусу,ж.б.у.с. Жогорудагы койгойлордун баары 5жыл ичинде болуп отту,ишенгиле алтындарым
+11
temirov76
2015-04-16 06:32:56
edu.kg., баарын жомоктой кылып тизип аябай согупсун,булардын баары турмушта болуп жаткан чындык сага толук кошулам.
-1
berdibek05
2015-04-16 03:00:36
буну еми емне кылат екен эшек союп саткандарды эчнерсе кылбаган буларды эмне кылмак эле
0
bom.bon
2015-04-16 03:23:55
Адамдар онолбойунча КЫРГЫЗСТАН онолбойт!
-1
MilliaRdova88
2015-04-16 03:37:20
Кишечные палочки!!!
+1
mira28
2015-04-16 04:11:55
Аз гана болгон кайран кыргыз элимди кырып бутмой боллу оз кызыкчылыгын коздогон инсандао
-1
chikakorea
2015-04-16 05:10:27
Чынында мындай кобойду. Азыр жеген нан дагы таза эмес. Казакстандан келген ундарды кызыкчылыкка текшерип корушсо. Абдан таза эмес. Чачтан баштап Ташка чейин бар.
+3
amanatym
2015-04-16 09:32:13
chikakorea,текшерген киши жок да ошону, окунучтуу.
-1
chikakorea
2015-04-16 05:12:13
мен атайын текшерип кордум. Алтын астык Казактын уну. Ишенбесениздер озунор деле алуп Элеп корсонор
+2
elif
2015-04-16 12:03:20
Albash kerek anda bankrot bolushsun
-1
malika14
2015-04-16 14:36:44
men 2012 bishkeke barganimda osh bazarynda prodykty kilip jyryp bir kishini korgom eti kadimkidei kyrttap ketiptir oshondo tan kalgamin ech kim teksherbeit men kyrtagan etti koryp janimda sindime etti karasan kyrtary kop eken desem al da tan kalgan bizde ozy ech teksherbeit ..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан