Кара-Үңкүр дарыясы Базар-Коргон районундагы 200 турак жайга коркунуч жаратууда. Бул тууралуу 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, 14-апрелден 15-апрелге караган түнү Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун көлөмү 124 метр кубдан жогору болуп, суу дарыянын 700-800 метр аралыгынан ашып кетүү коркунучуна жеткен. Суунун деңгээлинин көтөрүлүүсү Кызыл-Ай аймагындагы Кызыл-Ай айылынын 40, Чын-Курулуш айылынын 60, Турпак-Коргон айылынын 70, Сейдикум айылынын 30 турак жайына жана 300 айыл чарба жерлерине, ички чарбалык жолдоруна, сугат каналдарына коркунуч пайда кылган.
Учурда аталган дарыянын жээгин бекемдөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 экскаватор, 1 бульдозер, 2 оор жүк ташуучу автоунаа менен жумуштар аткарылууда.