Бишкек-Ош унаа жолунда Гольф-3 автоунаасы көпүрөдөн сууга түшүп кетти, ээси дайынсыз болууда
Токтогул районунун Бишкек-Ош жолунун 262-чакырымында Гольф-3 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа көпүрөдөн сууга түшүп кетти. Унаа суудан чыгарылды, бирок ээси тууралуу эч кандай маалымат жок. Унаа ээсин тактоо иши улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык 15-апрель күнү эртең менен саат тогузда катталган.