Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылында сууга секирип кеткен жигит куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ саат 23:13 чамасында болгон. Анда 20 жаштардагы жигит "Супара" кафесинин жанындагы сууга секирип кеткен. Ал туугандары тарабынан аман-эсен куткарылган.