Талас шаарында жыйылып турган кыш кулап, 7 жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ саат 20:25 чамасында А.Огонбаев көчөсүндөгү турак үйдө жыйылып турган кыш кулап, 2008-жылы туулган Нурдан Нураковду басып калган. Ага куткаруучулар тарабынан биринчи жардам көрсөтүлүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 7 жаштагы бала башынан жаракат алган.