Токмок шаарында уурулукка шектелип жашы жете элек бала кармалды

Токмок шаарында уурулукка шектелип жашы жете элек бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине 38 жаштагы Ж.Р. кайрылган. Анда ал белгисиз адам дүкөнүнө кирип, азык-түлүк, спирт ичимдиктерин алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 15 жаштагы В.Л. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан