Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Тайгараев аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды негизсиз коротушканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2011-жылы Тайгараев аймактык башкармалыгына асыл тукум фермасын өнүктүрүү жана сүт заводун уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 600 миң сом ссуда берилген. Анын 1 миллион 803 миң сомуна сүт багытындагы 30 баш уй сатылып алынган. Берилген ссуданы төлөө үчүн Тайгараев аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары 13 баш уйду сатып жиберишкен. Учурда бул факт боюнча кылмыш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.