“Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-апрель күнү саат 17:00 чамасында болгон. Анда 39 жаштагы айдоочу “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо рулду башкара албай калып, унаасы менен жол четиндеги металл конструкциясын сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилген.