Коомчулукта Женго каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1971-жылы туулган Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтордун биринин лидери. Ал “кылмышка шериктеш болуу”, “адам өлтүрүү”, “укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматкерин өлтүрүү” беренелери боюнча айыпталып, изделип жаткан болчу.