Чүй облусунда мамлекеттик чек ара режимин бузган 6 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар кыргыз-казак чек арасы аркылуу Казакстанга өтүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле өздүгүн тактаган эч кандай документтери болгон эмес. Учурда бул боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.